Жылнаама, 26-март: Мындан 9 жыл мурун Кемин районунда эл толкуп, 1000ге жакын адам Бишкекти карай багыт алышкан

* Мындан 202 жыл мурун, 1812-жылы Венесуэлада катуу жер титирөөнүн айынан Каракас шаарынын 90 пайызы кыйрап, 20 миңге жакын адам курман болгон.
* Мындан 9 жыл мурун, 2005-жылы Чүй өрөөнүнүн Кемин районунда эл толкуп, 1000ге жакын адам Бишкекти карай багыт алышкан. Алар өлкөдөгү конституциялык түзүлүштүн бузулбастыгын талап кылышкан. Жүрүштүн катышуучулары түштөн кийин Чүй өрөөнүнүн Чым-Коргон айылына чейин келип токтошкон. Алар менен Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова жана Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Тургунбек Кулмурзаев жолугушкандан кийин жүрүшкө чыккандар үйлөрүнө тарашкан.
* Мындан 15 жыл мурун, 1999-жылы аз убакытта жүз миңдеген компьютерге тароочу касиетке ээ “Мелисса” вирусу пайда болгону катталган. Вирустун пайда болгонунан бир жума өткөндөн кийин америкалык полиция тарабынан ал вирустун жаратуучусу 34 жаштагы Дэвид Смит кармалган. Дэвид Смит вируска түнкү клубдардын биринде иштеген тааныш кызынын атын ыйгарган. 
Нью-Йорктун соту бул кылмышы үчүн Дэвид Смитти 20 айга кесип, 5 миң доллар айып пул салган.
* 1 жыл мурун, 2013-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту Максим Бакиевди 25 жылга эркинен ажыратып, "мүлкү конфискациялансын" деген өкүм чыгарган. Аны "2007-жылы Ысык-Көл облусундагы "Витязь" пансионатынын 9,32 гектар жерин өзүнө менчиктештирип алган, мындан мамлекетке 124 миллион сомдук зыян келтирилген", "Түндүк электр" ишканасын 136 миллион долларга сатууга аракет кылган" деген айыптоолор боюнча күнөөлүү деп табышкан.
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан