25-мартта Бишкекте япон тасмаларынын фестивалынын бет ачары болду (фоторепортаж)

25-мартта Бишкекте япон тасмаларынын фестивалынын бет ачары болуп, ага Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ катышты. Аземге бир топ көрүүчүлөр келген, алардын арасынан чет өлкөлүк меймандарды көрүүгө болду. 

Фестивалдын максаты - япон элинин маданиятын Кыргызстанга тааныштыруу жана ортодогу алаканы чыңдоо. 

Аталган иш-чарада 90-жылдардын ортосунда тартылган тасмалар тартууланат. Ачылышында алгач "Энеге жазылган эң кыска кат" аттуу тасмасы эл назарына коюлуп, япон тилинде орусча субтитр менен көрсөтүлдү. Мындан тышкары "Мектеп-2", "Суудагы август", “Гамера” жана башка япон фильмдери коюлмакчы. 

Кошумчалай кетсек, фестиваль 27-мартка чейин созулат жана кирүү акысыз. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан