Ош шаарынын архитектура жана шаар-курулуш башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кечээ, 25-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, Ноокат районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал Ош шаарынын 36 жаштагы жашоочусу Архитектура жана шаар-курулуш башкармалыгынын кызматкери А.И. шаардагы дүкөнүнүн архитектуралык пландоо ишин узартуу үчүн акча талап кылып жатканын айткан. Аталган кызматкер башында тиешелүү документтерди бүтүрүп берүү үчүн 25 миң сом сураган. Кийин бул сумманы 12 миң сомго түшүргөн. Аталган жаран 12 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда “кызматкерлер тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.