Жалал-Абад гарнизону боюнча Аскер прокуратурасы жана УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Жалал-Абад шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн биринде мыйзамсыз сакталып келген ок-дарылар табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, аталган аскер бөлүгүнүн көмүр жана отун сактоочу жайы текшерүүгө алынган. Анда имараттын чатырынан 1742 даана 7.62 жана 5.45 калибрлүү ок, 5 даана гранатомёт, 361 даана чоң калибрлүү ок жана ар түрдүү калибрдеги 57 даана ок-дары табылган. Учурда “ок атуучу куралдарга мыйзамсыз ээлик кылуу, башка бирөөгө берүү, сатуу, сактоо, ташуу же жанында алып жүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.