Бир сутка ичинде Каракол шаарында 11 килограммдан ашуун маңзат алынды

Бир сутка ичинде Каракол шаарында 11 килограммдан ашуун маңзат алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы бүгүн, 26-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 25-мартта милиция кызматкерлери тарабынан “Рулда” жана “Жаш өспүрүм” аталышындагы рейддер жүргөн. Анын жыйынтыгында Кашка-Суу кичи районундагы батирлердин биринен 1 килограммдан көп гашиш табылса, ошол күнү Каракол шаарынын 30 жаштагы тургуну Александрдын үйүнөн 10 килограммдан ашык марихуана табылган. Учурда “башкага берүү максатын көздөбөстөн, баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан