7-8-апрелде А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын “Тозок чеңгээли” спектакли коюлат. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Казак жазуучусу Сабит Досановдун чыгармасынын негизинде коюлган бул спектакль 1986-жылдагы саясий окуяларга арналган. Анда 1986-жылы Казакстан Республикасынын КПССинин башчысы Д.Кунаевдин отставкага кетип, анын ордуна Г.Колбин дайындалгандыгы, мындан улам митинг уюштурулгандыгы сүрөттөлөт. Башкы каармандар Кайрат менен Фатима окуянын көңүл борборунда болушуп, алардын жашоосу өзгөрүлөт.
Спектаклдин режиссёру - К.Дүйшөналиев, көркөм жетекчиси - О.Айдаров, сүрөтчү-коюучу - М.Шарафидинов, балетмейстер - Т.Осмоналиев.