Кыргызстанда Саид Бурятскийдин үгүт материалдары "экстремисттик маанайда" деп табылды

Кыргызстанда Саид Бурятскийдин үгүт материалдары "экстремисттик маанайда" деп табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган. Анда Саид Бурятскийдин үгүт материалдары диний, расалык, улуттук кастыкты козутары айтылган.

Саид Бурятскийдин басылмаларын, электрондук аудиожазууларын сактоого, алып жүрүүгө жана интернет барактарына жайгаштырууга Кыргызстандын аймагында тыюу салынат” деп эскертет УКМК.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан