“Акромия” диний агымы экстремисттик уюм деп табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган. Мындан кийин “Акромия” диний агымынын ишмердүүлүгүнө Кыргызстандын аймагында тыюу салынат.