Бишкек шаарында мал уурдоо фактысына шектелип 2 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, 24-марттан 25-мартка караган түнү Панфилов районунда эки кой жоголгон.
Бул факты боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, кылмышка шектүү катары Сокулук районунун 26 жаштагы тургуну жана Панфилов районунун 39 жаштагы тургуну кармалды.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.