Бишкекте “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, 26 жаштагы А.Н., 48 жаштагы О.Б. жана 34 жаштагы Т.Инин үйү тинтүүгө алынган. Анда экстремисттик маанайдагы дисктер, баракчалар, китептер табылган. Учурда материалдар топтолуп, УКМКга өткөрүлүп берилди.