Сокулук районунда 22-март күнү 70 жаштагы пенсионердин жансыз денеси табылган. Анын өлүмүнө шектелип 2 жергиликтүү тургун кармалды. Маалым болгондой, 22-мартта саат 11:30да Биринчи Май айылында Г.Владимирдин сөөгү табылган.
Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 25-мартта укук коргоо органдары тарабынан аталган кылмышка шектелип 31 жаштагы Р.Нурбек менен 32 жаштагы С.Бектурсун колго түшүрүлгөн. Азыркы тапта кармалгандар Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилип, иликтөө иштери жүрүүдө.