28-мартта Бишкек шаарынын мэринин Кубогу үчүн 16 команда ат салышат. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта маалымат жыйынында «Азия Mix» командасынын капитаны
Эльдияр Кененсаров билдирди.
"Ала-Тоо" Лигасынын алкагында "Кыргызстан - туризмдин борбору" деген темада Бишкек шаарынын мэринин Кубогу үчүн 16 команда салышат. Калыстар тобу чыгармачыл жана мэриянын өкүлдөрүнөн турат. Ар бир команда 5 мүнөттүк гана оюн көрсөтөт. 16 командадан сырткары конок катары "Камызяки", Казакстандан 4, Тажикстандан 1, Москвадан 1 команда чакырылган",- дейт Э.Кененсаров.
Ошондой эле ал Кыргызстандын КВН курама командасы 10-апрелде Москва шаарында өтүүчү чейрек финалга кызуу даярданып жатканын кошумчалады.