Крымдыктар мындан ары Американын тасмаларын көрбөй калышы мүмкүн

Американын кинокомпаниялары Крымга "киносанкциясын" жарыялады. Учурда “Paramount Pictures”, "Sony Pictures", “Universal”, “20th Century Fox” кинокомпаниялары орусиялык дистрибьюторлоруна Крымда Американын тасмаларын көрсөтүүгө тыюу салышууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Бул маалымат тууралуу Крымдагы Шевченко атындагы кинотеатрдын директору Владимир Мирошниченко да "Эми биз Орусиянын "Централ Партнёршип" компаниясы тарткан фильмдерди гана көрө алат экенбиз. Чет элдик жаңы тасмаларды орус да, украин да тилдеринде көрө албай калдык" деп билдирген.

Маалыматка ылайык, Американын мындай чечимге келишине Крымдын Орусиянын карамагына кошулгандыгын тааныбагандыгы себеп болгондугу айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algajawoo
2014-03-26 22:08:15
Россия вышел из восьмерки осталось США и шестерки
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан