Казакстандан келген уурулардын тобу кармалды. Алар баасы 1000 долларлык сканерлүү пульттарды колдонушуп унаалардын ичиндеги баалуу буюмдарды уурдашчу. Бул тууралуу Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Айбек Жайлообаев бүгүн, 26-мартта билдирди.
Айтымында, кылмышка шектүүлөрдүн бири Кыргызстандын (Тынарбек Абакулов), экөөсү Казакстандын (Самат Умурзаков менен Чыңгыз Кулуев) жараны. Алар март айынын башынан бери Бишкек шаарында автоунааларды сканерлүү пульт аркылуу ачышып, ичиндеги баалуу буюмдарды уурдап кетишчү. 19-март күнү алар уурулук кылып жаткан жеринен кармалышкан. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.