Депутат Асия Сасыкбаева мектеп окуучулары китепсиз калышканын айтты
ЖКнын Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин 25-декабрдагы жыйынында КРнын 2011-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө КРнын Өкмөтүнүн отчёту тууралуу маселе каралууда. Бул боюнча КРнын Эсептөө палатасынын өкүлдөрү баяндама жасап, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатышат. Депутат Асия Сасыкбаева "Жыл сайын мектептер үчүн окуу китептерин чыгарууга бюджеттен акча бөлүнөт, 2011-жылы канча китеп чыкты?" деген суроо берди. Эсептөө палатасынын өкүлү Таалай Таткулов "так жоопту айта албайм" деп жооп берди. Асия Сасыкбаева мектептерде окуу китептери жетишпей, балдар билим ала албай калышканын айтып, донорлор аркылуу бөлүнгөн миллиондогон акчалар да дайынсыз сарпталып жатканын кошумчалады.