Ош-Сары-Таш-Кашкар унаа жолунун ачылышы менен Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланды. Мындай пикирди биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 25-декабрда журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирди. "Экономиканы өнүктүрүү үчүн алгач пайдубал керек, башкача айтканда, инфаструктура: жол, байланыш, энергетика. Кыргызстанда эч качан быйылкы курулган жолдордой жол курулган эмес. Быйыл асфальтталган Ош-Сары-Таш-Кашкар унаа жолу ачылып, Кыргызстан биринчи жолу транзиттик өлкөгө айланды",- деди Жоомарт Оторбаев.