Мурунку шаар мэри Иса Өмүркуловдун иши сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 26-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, Өмүркуловдун иши бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилди.
Эске сала кетсек, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-мартта мэр кызматтан кеткен. Экс-мэр "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп күнөөлөнүүдө.