“Баяман баатыр” базарындагы өрт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, кылмыш иши КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча козголгон.
Эске сала кетсек, 22-март күнү Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан “Баяман баатыр” базарынан өрт чыккан. Анда жалпысынан 15 контейнер товарлары менен күйүп кеткен.