Ош шаарында жыл башынан бери 525 ит-мышык атылып өлтүрүлдү

Ош шаарында жыл башынан бери 525 ит-мышык атылып өлтүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Ош шаардык ветеринардык башкармалыгынын башчысы Кумарбек Исаков билдирди.

“Бүгүнкү күндө 839 жолбун ит атылды. Ал эми ит тиштеп алган жарандардын саны - 25. Буларды өз убагында 10 күндүк ветеринардык көзөмөлдөөдөн өткөрөбүз. Элге айтып коюш керек, оорусаң дарыгерге кайрыласың, унааң бузулса оңдоочу жайга алып барасың да. А эмне үчүн өзүң баккан малды алдын ала ветеринардык көзөмөлдөн өткөрбөйсүң? Өзүңөр билгендей, азыркы тапта айлык акынын аздыгынан жаш ветеринарлар жок. Биз баарына жетишпейбиз, саналуу гана дарыгерибиз бар”,- дейт ал.

Айта кетсек, жакын арада шаарда 13 ветеринардык пункт ачылары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан