Кыргызстанда балдарын туура эмес тарбиялаган ата-энелер жоопко тартылышат

Кыргызстанда балдарын туура эмес тарбиялаган ата-энелер айып төлөшөт. "Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү” кодекске депутаттар тарабынан өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилип, кабыл алынган мыйзам долбооруна президент кол койгондугун Президенттик аппараттан билдиришти. Мыйзамдын максаты - ата-энелердин балдарды тарбиялоодогу, окутуудагы жоопкерчилигин күчөтүү. Жашы жете элек балдардын алкоголь ичимдигин ичүүсүнө, баңгизаттарын кабыл алуусуна же селсаяк болушуна себепчи болгон аракеттери үчүн ата-энелер административдик айыпка тартылып, 10дон 20га чейинки эсеп көрсөткүчүндө айып пул төлөөрү көрсөтүлгөн.        

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан