Ош облусу боюнча миңге чукул мечит иш алып барат

Бүгүнкү күндө Ош шаары жана Ош облусу боюнча миңдей мечит иш алып барууда. Бул тууралуу 26-мартта Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ош облусунда 850дөн ашык мечит иш алып барса, Ош шаарында 60ка жакыны иштейт. Мындан сырткары каттоодон өтө электери да бир топ. Ошондой эле көптөгөн намазканалар эл кызматында.  

Жалал-Абад шаары боюнча мечиттердин саны тактала элек, анын үстүнө жаңы салынган мечиттердин көбү негизги талапка жооп бербейт. Көпчүлүгүнүн экинчи кабат салууга эч кандай уруксаты жок.  

Учурда Жалал-Абад шаарындагы мечиттердин архитектуралык жактан туура же туура эмес салынгандыгы тиешелүү органдар тарабынан текшерилип, такталууда. Себеби жума күндөрү мечиттерде адамдын саны 3 миңден 10 миңге чейин жетет.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан