Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы 3 үй-бүлө Тажикстандын жарандары менен жер тилкелерин алмашууну көздөп жатышат. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Разия Өсөрова бүгүн, 26-мартта билдирди.
Айтымында, кыргыз жарандарынын жер тилкелери Тажикстандын аймагында, ал эми тажик жарандарынын үйү Кыргызстанда жайгашкан. Мындан улам алар жер алмашуу боюнча өз ара келишишкен.
Айта кетсек, Көк-Таш айылында 3 миңдей тургун жашайт. Айылда кыргызстандык, тажикстандык тургундардын үйлөрү аралаш орун алгандыктан, чек ара тилкелери толук тактала элек. Мындан улам аптасына 4-5 жолу түшүнбөстүк чыгып турат.