Бишкек шаарында өз мекенинин, жакындарынын эркиндиги, көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп жатып келбес сапарга кеткен жоокерлердин элесине арналган “Ак турналар” фестивалы уюштурулууда.
Бул иш-чараны уюштуруп жаткан “Евразиялыктар – жаңы толкун” фондунун берген маалыматы боюнча, сынакка кары-жаш дебей баары катыша алышат. Сынактын негизги талабы – аскердик, патриоттук ырларды аткаруу.
Уюштуруучулардын айтымында, сынактын тандоо туру 11-апрелде өтөт. Финалга чыккан катышуучулар 9-Май –Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн майрамдык концертте ырдап чыгуу укугуна ээ болушат. Мындан сырткары жеңүүчүлөрдү баалуу белектер ыйгарылмакчы.