28-мартта саат 11:00дө Улуттук китепкананын фойесинде Кыргыз Республикасынын Эл артисти, манасчы жана акын Уркаш Мамбеталиевдин 80 жылдыгына арналган
“…Эр Манастын көк байрагын көтөрүп,
Өмүр бою алып келди түшүрбөй.
Бир баштаса отура албай обдулуп,
Айтчу эле күнү-түнү күпүлдөй…”
аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өткөрүлөт.
Аталган мекеменин маалыматына ылайык, көргөзмөгө ЖКнын депутаттары, коомдук ишмерлер, илимдин, маданияттын кызматкерлери, манасчылар, манас таануучулар, массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, анын замандаштары, туугандары, студенттер жана окурмандар катышышат.
Белгилей кетсек, Уркаш Мамбеталиев Түп районунун Талды-Суу айылында 1934-жылы 8-мартта туулган. Ал жоокердик милдетин аткарып келген соң М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынан окуган. Чыгармачылык чыйыры Ысык-Көл облустук К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында артист болуп иштөөдөн башталган.
Анын улуу манасчы С.Каралаев менен биринчи жолу жолугушуусу манасчылык ишинин башталышына негиз болгон. Облустук театр жоюлгандан кийин, 1962-жылы Т.Сатылганов атындагы филармонияга манасчы-солист болуп ишке орношуп, ошол жерден ардактуу эс алууга чыккан.
Уркаш Мамбеталиев “Манастын колунун чоң казатка аттанышы”, “Алмамбет менен Чубактын жол талашы”, “Кичи казат”, “Көкөтөйдүн ашы” сыяктуу айрым үзүндүлөрдү Улуттук илимдер академиясына кол жазма түрүндө өткөргөн. Өзүнүн вариантында “Семетейдин” биринчи бөлүгү жарык көргөн.
У.Мамбеталиев кенже эпосторго да көңүл бөлүп, “Эр Төштүктүн жер астына түшүшү”, Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Ч.Түлөбердиевге арналган “Чолпонбай” дастаны, С.Орозбаковдун эки томдук “Манас” боюнча 28 сааттык айтуусу, ар кыл маектери Кыргыз радиосунун алтын фондусуна жазылып алынган.
Ал эл алдында Сагымбай, Саякбай, Молдобасан өңдүү манасчылардын “Манастын төрөлүшү”, “Кошой менен Жолойдун күрөшү”, “Коңурбай менен Манастын сайышы”, “Каныкейдин Тайторуну чапканы”, “Семетей менен Тоо балбандын күрөшү”, “Семетейдин Таласка келиши” аттуу жана башка бир нече эпизоддордон үзүндүлөрүн аткарып келген. Белгилүү манасчы “Манас” эпосун таанытууда Япония, Кытай, Польша, Италия, Түркия, Германия жана башка мамлекеттерде гастролдордо болуп, чет элдик көрүүчүлөр анын айтуучулук өнөрүнө суктанышкан.
У.Мамбеталиев манасчы гана эмес, акындык жеке чыгармачылыгы менен да таанымал. Анын “Көктөм”, “Жол ырлары”, “Тоо жылдызы”, “Ашуу”, “Алтын аяк”, “Таазим”, “Тулпарлар”, “Арча жыты”, “Кабылан курак дүбүртү” аттуу поэзия жыйнактары 10 китеп болуп чыгарылган.
Кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн мамлекет тарабынан жогору бааланып, "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", "Кыргыз Эл артисти" деген наамдар ыйгарылып, III даражадагы Манас ордени, Манас-1000 медалы, Ардак грамоталар менен сыйланган. Дүйнөлүк интеллектуалдык уюмдун алтын медалына татыктуу болгон. "Түп районунун ардактуу атуулу" наамын алган. Эң негизгиси, “эл манасчы”, “залкар манасчы” деген наамдардын ээси.