Нарында 1-апрелден тартып маршруттук каттамдагы жол киренин баасы көтөрүлөт. Буга чейин жол киренин баасы чоң кишилер үчүн 5 сом, окуучулар үчүн 3 сом болсо, апрелден тартып чоң кишилер 10 сомдон, окуучулар 5 сомдон төлөй башташат. Маалыматка ылайык, баанын көтөрүлүшү күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу экени айтылууда.
Эске салсак, 4-мартта маалымат жыйынында Кыргызстандагы "Мунай сатуучулар" ассоциациясынын башчысы Медетбек Керимкулов доллардын курсунун жогорулашына байланыштуу күйүүчү-майлоочу майлардын баасы акырындык менен кымбаттаарын билдирген.
Бирок февраль айынын аягында 1 доллар 60 сомго көтөрүлсө, бүгүнкү күндө мурдагы калыбына келтирилип, 1 доллар 54,49 сомду түзүүдө.