Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Дүкөндөн чыгып, унаамдын эшигин ачайын десем, милиционер келип документимди сурады (үйдөгү кийимчен элем). Машинаны ачканга жетишкен жокмун, айдоочулук күбөлүгүмдү бердим. "Текшеришим керек, чөнтөгүңдө эмне бар?" деп текшере баштады. Түшүнбөй, эмне болгонун сурадым. Ал рейд экенин айтып, текшерүүнү улантты. Мени текшергенге анын укугу бар беле? Мисалы, менин чөнтөгүмдөн бир нерсе тапса (андай болбойт), күбө жок болсо, мени мыйзам боюнча айыптап, күнөө коё алабы? Мындай рейддер Бишкекте чынында эле болобу же жөн эле рейд деп койдубу? Суроо калтырган DaniNaku
Жооп: - Жарандарды милиция кызматкерлери тарабынан текшерген учурда биринчи кезекте милиция кызматкери өзүн тааныштырып, күбөлүгүн көрсөтүп, кандай зарылчылык, эмне максатта текшерүү жүрүп жатканын түшүндүрүүсү керек.
Милиция кызматкерлери жарандардын кимисин болбосун, ал административдик укук бузууга барбаса да, ким экендигин текшерүүгө акысы бар. Бирок кызмат адамы, эгер жаран кармалган жерде ким экендигин күбөлөндүргөн документин көрсөтсө, аны негизсиз кармоого укугу жок. Эгерде атуулдан мыйзамга каршы келген нерсе табылса, мисалы: баңгизат, курал-жарак ж.б.у.с. сөзсүз түрдө Кыргыз Республикасынын "Административдик жоопкерчилик жөнүндө" кодексинин 566-беренесинин негизинде күбөлөрдүн көзүнчө тиешелүү документтерди толтурушу керек. Тартип, укук бузуулардын алдын алуу жана криминалдык кырдаалды жөнгө салуу максатында республиканын, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында пландалган рейддер өткөрлүп турат. Рейд учурунда административдик тартип бузгандарды, кылмышка шектүү, издөөдө жана соттон качып жүргөн жарандарды аныктап кармоо үчүн иш-аракеттер жүргүзүлөт.Суроого Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.