Өлкө боюнча 27-мартта түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо карга айланат. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн +4°C
Талас облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн +3°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +9°C, түнкүсүн +4°C
Баткен облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн +2°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн +3°C
Нарын облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн +2°C
Бишкек шаары. Күндүз +8°C, түнкүсүн +2°C
Эскертүү!
2014-жылдын 25-28-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.