Жылнаама. 27-Март - Эл аралык театр күнү

* 27-Март - Японияда сакуранын гүлдөшүнүн майрамыСакура – Ыраакы Чыгышта (Орусия, Кытай, Кореянын чыгышы, Япония жана Филиппин) өсүүчү роза түркүмүндөгү декоративдүү дарак.
Гүлдөрү да сакура деп аталат. Жазында 7-10 күндөй гүлдөп турат, гүлдөрү ак өңдөн ачык күлгүн түскө чейин болот. Жалбырактары гүлдөгөн соң гана чыгат. Мөмөсү сакурамбо деп аталып, диаметри 8-10 миллиметрге жетет. Сакуранын кээ бир гана сорттору мөмөлөйт. Алардын айрымдарынын мөмөлөрү даамдуураак болбосо, көбүнүкү кычкыл жана даамсыз болгондуктан желбейт. Мындай мөмөлөрдү маринаддап, күрүч тамактарга кошкондор бар. Туздалган жалбырагы жана гүлү тамак-ашка колдонулат. Сакурадан шарап да даярдашат.
Сакура – Япониянын улуттук символу. "Алча абдан кооз гүлдөгөнү менен, гүлү бат эле түшүп калат. Адам өмүрү дал ошондой" дешет. Өзгөчө бул аялзатынын жаштыгы менен сулуулугуна карата салыштырылып келет. 
Японияда сакуранын 350дөн ашык түрү бар. Көпчүлүгү селекциялык жол менен алынган. Мажүрүм талдай самсаалап өсүүчү түрү абдан кооз жана гүлдөрү күлгүн түстө.
* 27-Март - Эл аралык театр күнү. Бул күндү белгилөө үчүн атайын токтом 1962-жылы Париждеги Улуттук театрдын ачылыш аземине байланыштуу Эл аралык театр институтунун IX конгрессинде кабыл алынган. Мына ошол күндөн бери дүйнө жүзүндөгү көптөгөн театрлар, анын ичинде Кыргызстандагы театрлар 27-мартты кесиптик өнөр майрамы катары белгилеп келет.
* 1970-жылы, мындан 44 жыл мурун америкалык ырчы, актриса Мэрайя Кэри АКШнын Лонг-Айленд шаарында музыканттардын үй-бүлө­сүндө төрөлгөн. Ырчынын ата-энеси музыкага жакын адамдар болгондуктан, кызынын атын дагы ошол кездеги популярдуу "Мэрайянын шамалы жана чакырыгы" аттуу ырдан улам коюшкан. Апасы Патрисия жаш кезинде опера ырчысы болгон. Атасы Альфред Рой Кэринин канында африкалыктардын да, америкалыктардын да каны бар. 
Дүйнөлүк сахнаны багынткан ырчынын биринчи "Мэрайя Кэри" аттуу альбому чоң ийгиликтерге жетип, ырчыга популярдуулук алып келет. "Ыйлагым келбейт", "Сенсиз", "Сүйүү элеси" деген ырлары радиолордон тынбай кетип, хит-параддардан алдынкы орундарга жетишет. Ушул эле жылы ырчы "Мыкты артист", "Мыкты поп-вокалист" наамдарынын ээси болот. Ошондон тартып Мэрайя Кэринин ырлары дүйнөгө тарап, ырчы атактуулукка жеткен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан