Афиша, 27-март: Кыргыз драма театрында Эл аралык театрлар күнүнө карата майрамдык салтанат өтөт

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театры
Эл аралык театрлар күнүнө карата майрамдык салтанат өтөт. Иш-чарага республикадагы театрлардын жана цирктин чыгармачыл жамааттары катышат. Аземде КРнын Маданият жана туризм министри С.Раев театр кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырмакчы. Саамалык саат 15:40та башталат.  
Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармония
 Жаш опера ырчыларынын катышуусунда Сицилия кечеси өтөт. Ага К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын бүтүрүүчүлөрү Саян Исин, Кундуз Карыпбаева, Глеб Ким, Данияр Мусаев, Заира Раимбековалар өнөрлөрүн элге тартуулашат. Аталган кечеде чыгаан музыканттар В.Моцарт, Ж.Верди, Ж.Бизе, Ж.Пуччини, Р.Леонкавалло, П.Маскан, И.Кальман, Ф.Легар, Ж.Каччини, К.Молдобасанов, Л.Хамидинин чыгармалары аткарылат. Ошондой эле бул кечеде эл аралык сынактардын концертмейстерлери Юлия Бабич жана Айбарчын Добулбекова катышышат. 
"Октябрь" кинотеатры
Япон тасмаларынын фестивалы жыйынтыкталат. Фестиваль учурунда "Энеге жазылган эң кыска кат", "Мектеп-2", "Суудагы август" жана башка япон тасмаларын көрсөтүү пландалган. Тасмалар япон тилинде орусча субтитр менен коюлат. Кирүү акысыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан