Кыргызстан, Тажикстан жана Азербайжандан келген мигранттарды өз үйүнө каттаган орусиялык жарандын иши сотко өттү

Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Азербайжандан келген мигранттарды өз үйүнө каттаган орусиялык жарандын иши сотко өттү

Маалыматка ылайык, 53 жаштагы Людмила Шараборина Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси (мыйзамсыз миграция уюштуруу) боюнча айыпталып жатат. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө айыпталуучу 2013-жылдын январь айынан июнь айына чейин чет өлкөдөн келген 41 жаранды өз үйүнө каттаган. 

Мигранттар турак үйдө жашашкан эмес. Бирок алардын каттоого турушу Тюмень шаарында жүрүшүн жеңилдеткен. Үйдүн ээсине карата кылмыш иши козголуп, чогултулган материалдар аталган шаардагы борбордук райондук сотко өткөрүлгөн. 

Жогорудагы берене боюнча айыпталуучуга 300 миң рублга чейин айып пул салынышы, же 420 саатка чейин милдеттендирилген жумуштар, же 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу 26-мартта Тюмень облустук прокуратурасынын расмий сайты жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
untumak
2014-03-27 11:11:48
Байкуш Людмилага жаман болуптур.Бул жанылыкты бир ай мурун Москванын радиосунан берди еле 3500 жаранды уйуно каттап алыптыр деп.
0
tokio1991
2014-03-27 19:25:28
98% мигрант пропискага турган жеринде жашабайтко.Бирок бул эже слишком коп адам катаптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан