Бишкекте "кыздарды чет өлкөгө жөнөтүп, сойкулук менен алектенүүгө мажбурлады" деп шектелген жаран кармалды

Бишкекте алдоо жолу менен кыздарды чет өлкөгө жөнөтүп, сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган жаран кармалды. 

Маалыматка караганда, 20 жана 25 жаштагы эки кыз милицияга кайрылышкан. Алар 2013-жылдын сентябрында М. аттуу жаш аял аларга айлык маянасы жогору жумуш убада кылып, Түркияга жөнөткөнүн айтышкан. 

Ал жактан кыздарды Тахмина аттуу аял күтүп алып, дароо паспортторун тартып алган. Кыздарды “сойкулук менен алектенесиңер” деп мажбурлаган. Жабыркаган кыздардын бири 1,5 айдан кийин Кыргызстанга кайткан. Ага качып кетүүгө Түркиянын жараны жардам берген. Ал эми экинчисин эжеси 2,5 айдан кийин алып келген.    

Милиция кызматкерлери тарабынан бул фактыга шектелип О.М. аттуу жаран колго түшүрүлдү. Иликтөөнүн жүрүшүндө ал гезиттер аркылуу “үй жумушчусу жана бала багуучу керек” деп жарыя берип жүргөнү аныкталган. Жумуш издеп келген кыздарды алдоо жолу менен чет өлкөгө жөнөтүп жүргөн. Ал жактан тосуп алгандар кыздарга “дароо билеттин акчасын төлөгүлө” деп талап коюшуп, акчаны төлөө үчүн сойкулук менен алектенүүгө түртүшкөн.

Учурда кармалган аялга карата “адам сатуу” жана “сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу 26-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
toktobaeva_r
2014-03-27 08:52:44
онбосун бироонун убалы тиет озуно.эртен балдары ошондой болот,
+1
92nuraaly
2014-03-27 09:17:25
Кандай адамдар ушул жолго барат жазасын бериш керек.
+1
asiret
2014-03-27 09:19:25
Мындайларга олум жазасы да аздык кылат го
+1
bek-93
2014-03-27 10:46:37
asiret, анда олтуруп туруп камап коюш керек а?
+1
zilish_kg
2014-03-27 09:32:47
жазасын кучотуу керек мындайлардын....
+1
faha
2014-03-27 09:45:13
zilish_kg, jazany kuchotuunun keregi jok. Kolubuzda bar jaza menen ele jazalasak jetishet. Soz jazany kuchotuudo emes, soz azyrky ele jazany ishtete alyshta. Men soz berem, eger ushul adamdar myizamda jazylganday ele jazalansa "faha" degen nigimdi ozgortom!!!
+1
Altyn10076
2014-03-27 14:28:54
Эл алдында жазолоо керек андайды.
0
nusu95
2014-03-27 22:27:18
адам эмес да
0
algajawoo
2014-03-27 23:22:24
Колдорун кесип тилин тешип коюш керек
0
nk.nur_ik
2014-03-28 00:09:23
Биздин кичинекей кыргызстан эмне болуп баратабыз ? Кытайдай 1,5 миллярд болсок олмок экен го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан