Кечээ, 26-мартта Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча чемпиондугунда 2 беттеш орун алды. ТОП-Лиганын 2-турунда нарындык “Ала-Тоо” кочкор-аталык “Нефтичи” клубун 4:1 эсебинде утуп алды.
Ал эми ТОП-Лиганын командаларынын катарын быйыл гана толуктаган таластык “Манас” клубу куршабдык “Алдиер” менен кез келди. Беттеш 2:1 эсебинде куршабдык клубдун жеңиши менен аяктады. Бул жеңиш менен "Алдиер" азырынча мелдеш жадыбалында 1-орунду ээлеп турат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Кошумчалай кетсек, ТОП-Лиганын кезектеги оюндары 29-мартта орун алат.