Өткөн сутка ичинде республика боюнча 14 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 2, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
26-марттан 27-мартка караган түнү Дордой жаңы конушундагы “Харук” кафесинде өрт чыкты. Анда кафенин 6 чарчы метр шыбы күйгөн. Тилсиз жоо отко этиятсыз мамиледен улам келип чыккан.