Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Келечек” балдар үйүндө өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен балдар үйүнүн 36 чарчы метр чатыры жана ичиндеги эмеректер, 1,5 куб отун күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эрежелердин сакталбаганы себеп болгон.