Бүгүнкү күнү көчө кылмыштарынын саны өсүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, каракчылык, тоноо, уурулук сыяктуу кылмыштар көп учурда базарлардын жана дүкөндөрдүн жанында катталат. Мындай көрүнүштү азайтуу максатында Бишкек шаарындагы соода борборлоруна жана күркөлөргө видеокөзөмөл орнотулат.
Учурда Ленин районунда 126, Октябрь районунда 126, Биринчи Май районунда 210, Свердлов районунда 164 видеокөзөмөл орнотулган.