29-марттан тарта Бишкекте шаардын аймагын тазалоо жана жакшыртуу боюнча бир айлык өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чара апрелдин соңуна чейин созулат. Ага бардык шаардык кызматтар катышат. Бир айлыктын жүрүшүндө мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан бардык уюмдардын жана кызматтардын жумушу текшерилет.