Бишкекте Москва мамлекеттик университетинин профессору бизнес жана экономика жаатында семинар өткөрөт

Эртең, 28-мартта И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Орусиянын Улуттук изилдөө университетинин окутуучусу, Экономикалык жогорку мектеп жана Москва мамлекеттик университетинин (МГУ) профессору Берлин Александр Давидович семинар өткөрүп, бизнес жана экономика жаатында лекция окуйт. Экономикалык жогорку мектеп биздин өлкө менен активдүү кызматташып келген мекемелердин бири болуп саналат. Улуттук изилдөө университети, Экономикалык жогорку мектеп - Орусиядагы мамлекеттик жогорку жана эң абройлуу изилдөө борборлорунун бири. Учурда дүйнөлүк абройлуу Стэнфорд, Пекин, Шанхай, Сорбонна жана Лондондогу университеттердин экономикалык жана саясий илим мектептери менен биргеликте изилдөө долбоорлору иштеп жатат.

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан