“Сосновка” салмак-өлчөм көзөмөл бекетинин жетекчисине кылмыш иши козголду

“Сосновка” салмак-өлчөм көзөмөл бекетинин жетекчисине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 27-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 25-мартында КРнын Транспорт прокуратурасына маалымат келип түшкөн. Аны оң жакка чечүү үчүн ИИМдин 5-башкы башкармалыгынын кызматкерине “Сосновка” салмак-өлчөм көзөмөл бекетинин жетекчиси 60 миң сом пара сунуштаган. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган жетекчи Т.Б. ИИМдин кызматкерине 40 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды.

Учурда “пара берүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sapar903
2014-03-27 11:42:50
Буларды качаан эле кармаш керек эле. Тараза койулган кундон бери акча алат. Ашыкча жукту откорбош керек, булар алгач 200сомдон ала баштаган. Барган сайын алкымдары чонойуп 3мин сомго чыгарган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан