28-мартта саат 15:00дө Бишкектеги Композиторлор союзунун концерттик залында КРнын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси, профессор, композитор, дирижёр Насыр Давлесовдун 85 жылдыгына карата эскерүү кечеси өткөрүлөт.
Композиторлор союзунун маалыматына ылайык, бул иш-чарага музыка изилдөөчүлөр, композиторлор жана Насыр Давлесовдун туугандары катышып, композитордун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу сөз кылышат. Кеченин жүрүшүндө анын “Аста-секин, колукту” музыкалык комедиясынан жана “Курманбек” операсынан үзүндүлөр аткарылат.
Белгилей кетсек, Насыр Давлесов 1929-жылы 15-мартта Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Кара-Булак айылында төрөлгөн. Ал эл аспаптар оркестринде, Кыргыз опера жана балет театрында башкы дирижёр болуп, Кыз-келиндер педагогикалык институтунда кафедра башчысы, Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда ректор болуп иштеген. СССР Композиторлор союзунун мүчөсү.
Насыр Давлесовдун “Аста-секин, колукту” опереттасы, “Курманбек” операсы, бир нече симфониялык чыгармалары элге кеңири белгилүү. “Жылкычы бозой”, “Айнаш”, “Саанчы жеңе” сыяктуу эл сүйгөн ондогон ырлардын обондорун жараткан.
Эң башкысы, эгемен Кыргызстандын Мамлекеттик гимнин Калый Молдобасанов менен биргелешип жазган.