Парламентте Маданият жана туризм министрлигиндеги кемчиликтер тууралуу сөз болду

Бүгүн, 25-декабрда ЖКнын Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин жыйынында КРнын Маданият жана туризм министрлигинин “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” КРнын мыйзамын аткаруу боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу жумушчу топтун маалыматы угулууда. Депутаттык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча депутат Гүласал Садырбаева маалымат берүүдө. Ал министрликтеги кемчиликтерди белгилеп, мамлекеттик тилдин аз колдонулуп жаткандыгын жана министрлик чыгарган буйруктардын көпчүлүгү расмий тилде экендигин айтты. Кадрдык дайындоолор боюнча да бир катар мыйзам бузуулар болгонун, айрым кызматкерлер өз адистиги боюнча бир да жолу иштебестен министрликке ишке орношконун маалымдады депутат. Ошондой эле учурда Маданият жана туризм министрлигинин борбордук аппаратында 45 кызматкер иштеп, 9 бош орун бар экенин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан