Бүгүн, 27-мартта Эл аралык театрлар күнүнө карата Бишкектеги Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин орус-славян филология факультетинде мектептердин жана жогорку окуу жайлардын театрларынын 5-фестивалы өтүүдө.
"Бул иш-чара Эл аралык театр күнүнө жана англиялык белгилүү драматург Уильям Шекспирдин 450 жылдыгына арналган. Театралдык фестиваль – маданиятка бай программа жана кызыктуу баарлашуу, ушундан улам ага катышууга студенттик жана мектеп жамааттарын чакырдык",- дешти уюштуруучулар.
Фестивалды алгачкылардан болуп КУУнун орус-славян факультетинин алдында түзүлгөн театр ачып, Шекспирдин пьесасынан үзүндү аткарышты. Андан соң Кыргыз-Орус Славян университетинин таланттары, №33-мектептин окуучулары улуу драматургдун пьесаларынан үзүндү коюшту. Албетте, жаш таланттардын сүйлөө речи, актёрдук чеберчилиги, сахна жасалгасы калыстар тобу тарабынан бааланып, мыкты роль жараткан таланттарга грамоталар тапшырылды.