Балет өнөрүндө жаштарды кармап калуу кыйынчылыкты туудуруп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-марттагы маалымат жыйынында Орусиянын Эмгек сиңирген ишмери
Надежда Малыгина билдирди.
Анын айтымында, искусствонун бул түрүн өнүктүрүү үчүн каражат жана чыгармачыл топтун талыкпаган эмгеги талап кылынат. "Мен Кыргызстанда өткөрүлүп жаткан биринчи фестивалга кубануу менен катышып жатам. Анткени бул иш-чара коомчулуктун көңүлүн буруп, балет өнөрүн жайылтууга жардам берет",- деди ал.