Бишкек  Сокулук унаа жолунда мас айдоочу жол-кайгуул кызматкерине кол көтөрдү

Бишкек – Сокулук унаа жолунда мас айдоочу жол-кайгуул кызматкерине кол көтөрдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, 26-марттан 27-мартка караган түнү айланып өтүүчү Бишкек – Сокулук унаа жолунда МАИ кызматкерлери тарабынан Тойота унаасы тосулган. Бирок унаанын айдоочусу МАИ кызматкерлерине баш ийбей 10 чакырым аралыкка чейин барган. Качан унаа токтотулганда мас абалындагы айдоочу милиция кызматкерлерин коркутуп, жанындагы жол-кайгуул кызматкерин бет жакка чаап жиберген. Учурда унаа айып жайга токтотулуп, тартип бузуучу милиция бөлүмүнө жеткирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан