Бишкекте бүгүн, 27-мартта балет өнөрү боюнча өтүүчү фестивалга карата маалымат жыйыны өтүүдө. Анда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын жетекчиси
Тимур Саламатов: "Искусство жабык нерсени жактырбайт. Анда ар дайым изденүү жана жаңылануу болуп туруусу шарт. Акыркы мезгилде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин демилгеси менен эл аралык деңгээлдеги маданий иш-чаралар көп уюштурулуп жатканы кубандырат. Кыргызстанда өткөрүлө турган алгачкы эл аралык балет фестивалы искусство сүйүүчүлөрү үчүн чоң майрам болсо, жаш актёр-актрисалар үчүн башка мамлекеттердин чыгармачыл адамдары менен тажрыйба алмашуусуна өбөлгө түзөт",- деп билдирди.
Белгилей кетсек, 28-мартта балет искусствосу боюнча эл аралык фестиваль алгачкы жолу Кыргызстанда өткөрүлмөкчү. Фестивалды жыйынтыктоочу гала-концерт борборубуздагы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында 29-мартта өтөт.