Ысык-Көлдө Кыргызстандын судьялары үчүн семинар өтүүдө

Ысык-Көлдө Кыргызстандын судьялары үчүн семинар өтүп жатат. Ага 17 судья катышууда. Маалым болгондой, КРнын Жогорку Сотунун алдындагы Судьялардын окуу борбору «Медиаполис институту» коомдук фонду жана "Media Legal Defense" менен бирге 26-28-март күндөрү судьялар үчүн «Жарандардын ар-намыс, кадыр-баркын, юридикалык жактардын ишкердик беделин коргоо, иштерин карап чыгуу өзгөчөлүктөрү» деген аталышта 3 күндүк семинар өткөрүүдө. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Айжамал Ажибраимова жана Украина, Орусиядан келген эксперттер окутуучулук менен алектенишүүдө. 

Бүгүн, 27-мартта Жогорку Соттун басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, семинарды «Медиаполис институту» коомдук фондунун директору Бегайым Үсөнова жана Судьялардын окуу борборунун сектор башчысы Майрам Оморова ачып берди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aik95
2014-03-27 12:47:10
супер мен качанга чейин конокмун ?
0
admin_superstan
2014-03-27 13:04:06
Aik95, суроолор үчүн форумда атайын тема бар:
http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=2195
Эсиңизде болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан