Акыркы учурда кыздардын дайынсыз жоголгону тууралуу социалдык тармактарда байма-бай жалган маалыматтар тарап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта маалымат жыйынында КРнын ИИМинин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов билдирди.
Анын айтымында, 2014-жылы кыздардын жоголушу боюнча 4 факты катталган. Алардын үчөө ата-энеси менен урушуп кеткендер болсо, алардын бири суицидге барган.
Ошондой эле Абдраимов жыл башынан бери 58 киши өлтүрүү фактысы катталып, алардын 51инин бети ачылганын кошумчалады.