Жалал-Абад облусунун тургунунан 2 килограммдан ашык гашиш алынды

Жалал-Абад облусунун тургунунан 2 килограммдан ашык гашиш алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, 26-март күнү Жайыл районунда жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан 26 жаштагы жарандын башкаруусундагы Фольксваген Гольф унаасы токтотулган. Аны текшерүүгө алышканда унаанын ичинен 2 килограмм 365 грамм баңгизаты табылган.

Учурда “баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралып, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан