Эркингүл Иманкожоева: "Камакка алынган саруулуктар менен туугандарын жолуктурууга шарт түзүүгө аракет кылабыз" 

Бүгүн, 27-мартта камакка алынган жана куугунтукка алынган саруулуктардын туугандары өткөргөн митинг учурунда алар менен сүйлөшүүгө чыккан ЖКнын депутаты Эркингүл Иманкожоева: “Биз саруулуктардын укуктарын коргойлу деп иликтөө амалдарын жүргүзгөндө, укук коргоо кызматкерлери алардын бийлик өкүлдөрүнө кол салгандыктарын мисал келтирип, мыйзам бузулгандыгын далилдешти",- деди.

Анын айтымында, иликтөөнүн жүрүшүндө камактагыларга мыйзамсыз жалаа жабылгандыгы аныктала турган болсо, анда алардын укугун коргоого күчү жетет. "Камактагыларга туугандарынын жолугуусуна уруксат бербей жатканы – алардын укугунун бузулушу. Азыр бул маселени териштирүүгө аракет кылабыз”,- деп митингчилерге убада берди депутат.

Камакка алынган саруулуктардын энелери митингге чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан