Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүндө жайгашкан Тельман участкасындагы “Келечек” балдар үйүндөгү чыккан өрт боюнча акт түзүлдү. Анын негизинде чыгымды Сарай айыл өкмөтүнө жүктөө сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта райадминистрациянын басма сөз катчысы Турусбек Матиев билдирди.
Айта кетсек, аталган балдар үйүндө буга чейин 15 бала тарбияланып, алардын кээ бирин ата-энелери алып кетип, учурда 5 бала калган.