2014-жылы 2 ай ичинде 123 жашы жете элек жаранга издөө салынып, 84 бала табылган

2014-жылы 2 ай ичинде 123 жашы жете элек жаранга издөө салынып, 84 бала табылган. Мындай маалыматты бүгүн, 27-мартта болгон маалымат жыйынында ИИМдин маалымат кызматынын башчысы Жоробай Абдраимов билдирди.

ИИМдин издөө бөлүмүнө жөнөкөй жарандардан жашы жете элек балдардын жоголгондугу тууралуу көп кайрылуулар келип түшөт. Алардын көбүнчөсү үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам чыгып кетишип, кайра кайтып келгендер. Издөө салынган жарандардын башкы маселеси көбүнчө социалдык жана экономикалык проблемалардан улам келип чыгууда. 

Өткөөл мезгилдеги балдар үй-бүлөдөгү өйдө-ылдый маселелерди оор кабыл алышып, натыйжада айтпай-дебей дайынсыз кетип калгандары кооптуу жагдайларды туудурууда.

Ошондой эле ИИМдин издөө бөлүмүнүн башчысы Максат Абдыкулов: “2014-жылдын акыркы 2 айында 123 жашы жете элек жаранга издөө салынган. Алардын 84ү аман-эсен табылып, издөө салуу токтотулган. Калганына карата издөө иштери уланууда. Изделип жаткандардын арасында 2000-жылдан бери табылбай жаткандары да бар”,- деп билдирди.

ИИМ жакынкы күндөрдө Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнүн бети ачыларын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан